Энергетика күнү – бул качандыр бир кезде энергетикалык системди түзүүгө жана тейлөөгө катышкандардын майрамы. Мындай татаал жана көлөмдүү өндүрүштүк чарбалык комплексти эксплуатациялоо өлкөнүн энергетиктеринин биргелешкен жана так ишинин үзүрү.
Мындай белгилүү күндө ата мекендик энергетика системинин калыптанышына тикелей катышкан энергетика тармагынын ардагерлеринин өтөгөн эмгегин өзгөчө белгилей кетким келет. Алар түзгөн бекем пайдубалдын аркасында бүгүнкү күнү энергетика сектору ийгиликтүү иштеп жатат жана өнүгүүсүн улантууда.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын электр энергетика тармагы өзүнүн өнүгүүсүнүн татаал этабынан өтүп жаткандыгын белгилей кетким келет. Буга байланыштуу биздин алдыбызда жакынкы келечекте чечүү зарыл болгон проблемалуу милдеттер турат:
- жылуулук жана электр энергетика компанияларынын финансылык-экономикалык абалын жакшыртуу;
- энергетикалык коопсуздукту камсыздоо жана генерациялоочу кубаттуулуктарды көбөйтүү;
- мындан ары энергетика секторун реформалоо, стратегиялык инвесторлорду издөө жана ишке тартуу.
Өлкөнүн энергиялык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн азыркы учурда Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу, Камбар-Ата ГЭС-1, “Датка-Кемин” электр берүү линиясы, Бишкек шаарындагы ЖЭБди модернизациялоо сыяктуу маанилүү долбоорлор ишке ашыруу стадиясында экендигин, "Кара-Кече" ЖЭСин куруу жана башка көптөгөн маселелер иштелип чыгууда. “Датка-Кемин” 500 кВ подстанцияларын куруу аяктаган жана эксплуатациялоого берилген.
Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча жаңы мамлекеттик орган түзүлүп, анын башкы милдеттеринин бири электр энергиясын иштеп чыгуунун, берүүнүн жана акыркы керектөөчүгө чейин бөлүштүрүүнүн реалдуу экономикалык баасын аныктоо, ошондой эле негиздүү тарифтерди издеп чыгуу болуп саналат.
Кымбаттуу энергетиктер!
Сиздер мындан ары да энергетика комплексинин туруктуу, үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу боюнча милдеттерди ийгиликтүү чечесиздер деп ишенем, анткени сиздердин колуңуздар аркылуу коомдун жогорку жыргалчылыгынын бирин – ар бир үйгө жарык жана жылуулук берүүнү жаратып жатасыздар.
Сиздерге юбилейлик кесиптик майрамыңыздардын алдында чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, чыгармачылык жана эмгектик ийгиликтерди каалайм.
Ар бир күн сиздерге ак эмгегиңиздердин кубанычын тартуулап, сиздерге, жакыныңыздарга бардарчылык жана балдарыңыздарга келечекке ишенимдүү кароону жана энергетик деген жогорку наамга сыймыктанууну тартууласын!"- деп айтылат.