Ош облусунун Ноокат районундагы "Алмалык" кенин иштетүү лицензиясы аукционго коюлат. Геология жана минералдык ресурстар агенттиги 22-декабрда билдиргендей, аукцион 2015-жылдын 9-февралында Ноокат райондук акимчилигинин имаратында өтөт, баштапкы баа - 140 миң доллар. Аукционго катышууну каалагандар документтерин 6-февраль күнү саат 15:00гө чейин тапшырууга тийиш. Тийиштүү суроолорго жооп алуу үчүн 0312 90-98-64 номуруна чалууга болот.
Айта кетсек, аталган кенде күрөң көмүрдүн кору бар.