Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы жеке жана юридикалык жактарга 2014-жылдын аягына чейин өлкөгө алынып келинген автоунааларын бажылык жазып-каттоодон өткөрүү зарылдыгын эскертти. Бажылык жазып-каттоодон өтпөгөн автоунааларга 2015-жылдын 1-январынан тартып бажы төлөмдөрү жогорулай турганы айтылды. Автоунаа бизнеси менен алектенгендер "Түндүк" темир жол бажысына кайрылышы керек. Дареги: Бишкек шаары, Чолпон-Ата көчөсү-2 "а".