Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн жумушчу тобу бүгүн Москвада Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жыйынына катышат

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Асанбек Алымкожоев баштаган жумушчу топ бүгүн, 23-декабрда Москва шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Коргоо министрлер кеңешинин биргелешкен отурумуна катышат.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында тажик-ооган чек арасын бекемдөө боюнча Тажикстанга көмөк көрсөтүүгө жана ЖККУнун ишмердүүлүгүнүн приоритеттүү багыттарына байланышкан маселелер каралат. Андан соң ЖККУнун аскерий-экономикалык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык комиссиясы жөнүндөгү бир катар документтерге кол коюлмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан