Индонезия. Кырсыкка кабылган малайзиялык учактын арткы бөлүгү табылды

11 күндөн бери дайынсыз болуп, издөөгө алынган малайзиялык компаниянын Airbus учагынын арткы бөлүгү  7-январь күнү Индонезиянын Яван деңизинен табылды. Чет элдик маалымат каражаттарынын билдиришинче, ушул эле күнү кырсыктан каза болгон дагы 3 жүргүнчүнүн сөөгү табылды. 

Буга чейин 30дан ашуун адамдын сөөгү жакындарына өткөрүлүп берилгени айтылган. Ал эми набыт болгондордун үй-бүлөлөрүнө мамлекет тарабынан 24 миң доллардан компенсация төлөнүп берилмекчи. Андан сырткары учактын "кара кутусу" табылды. Ал кырсыктын эмне себептен болгонун далилдөөгө көмөк берет. Учурда учакты издөө иштери уланып, ага Австралия, Малайзия, Сингапур, Түштүк Корея жана АКШ мамлекеттери катышып жатат.

Айта кетсек, 28-декабрда аталган учак Индонезиядагы Сурабая шаарынан Сингапурга багыт алып, абага көтөрүлгөн бойдон дайынсыз жоголгон. Анда 162 адам болгону айтылса, анын жетөөсү экипаж мүчөлөрү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан