КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Ак-Жар айыл өкмөтүнүн социалдык-маданий объектилерин оңдоого каражат бөлүү боюнча токтомго кол койду. Ага ылайык, өкмөттүн резервдик фондунан 150 миң сом бөлүндү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы 8-январда билдирди.