№ |
Пайдалануучулар тобу |
Ченөө бирдиги |
Тарифтер |
1. |
Калк (айына 700 кВт-саатка чейин пайдаланса) |
кВт-саат |
70 тыйын |
|
Калк (700 кВт-сааттан ашык пайдаланылган электр энергиясы үчүн) |
кВт-саат |
2 сом 5 тыйын |
2. |
Насостук станциялар | кВт-саат |
72,8 тыйын |
3. |
Өндүрүш мекемелери | кВт-саат |
2 сом 19 тыйын |
4. |
Бюджеттик пайдалануучулар |
кВт-саат |
2 сом 19 тыйын |
5. |
Айыл чарба тармагында пайдалануучулар |
кВт-саат |
2 сом 19 тыйын |
6. |
Башка пайдалануучулар | кВт-саат |
2 сом 19 тыйын |
Жакында өкмөт электр энергиясынын тарифтери арзандай турганын жарыялады. Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына таянсак, баалар электр энергиясын айына 700 киловаттан ашык пайдаланган жарандар, өндүрүш, айыл чарба жана бюджеттик мекемелер үчүн гана арзандайт. Калгандары азыркыдай бойдон калат. "Анткени бул тарифтердин курамына Казакстандан импорттолгон электр энергиясы кирет. Импорттук электр энергиясын пайдалануу азайгандыктан, февраль айынан баштап баалар 1 киловатт-саат электр энергиясы үчүн 2 сом 5 тыйындан 1 сом 82 тыйынга төмөндөйт. Ал эми өндүрүш, айыл чарба жана бюджеттик мекемелер үчүн тарифтер 2 сом 19 тыйындан 1 сом 97 тыйынга түшөт",- деп билдиришти мекемеден.