Каржы министри Ольга Лаврова 2015-жылкы милдеттерин атады. Милдеттер өкмөттүн программасынын максаттарына жана милдеттерине жетишүү боюнча түзүлгөн. Ага ылайык, каржы министри төмөндөгү иштерди аткарууга милдеттенет:
1. Өнүктүрүү долбоорлорунун жана капиталдык салымдардын каржыланышына коомдук көзөмөлдү күчөтүү.
2. Бюджеттин майнаптуу эмес чыгашаларын кыскартуу.
3. Программалык бюджеттештирүүгө этап-этабы менен өтүүнү улантуу.
4. Мамлекеттик финансыларды пайдалануунун ачык-айкындуулугун жана майнаптуулугун жогорулатуу.
5. Мамлекеттик карызды майнаптуу башкаруу.
6. Электрондук сатып алууларды жүргүзүүгө өтүүнү камсыздоо.
7. Мурда берилген мамлекеттик зайым каражаттарынын кайра кайтарылышын камсыз кылуу жана Баалуу металлдар департаментин өзгөртүп түзүү.