Чүй облустук соту СИЗОдо ымыркайы менен отурган айым
Айжан Өмүралиеванын ишин токтотуп салган. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда маалымат жыйынында адвокат
Күмүшбек Ыбыкеев билдирди.
Анын айтымында, бойго жете элек балдары бар соттолгондорго карата сот тыюу салуучу чараны өзгөртүү боюнча чечимин чыгарганы туура. "Мен бул боюнча даттануу менен сотко кайрылам",- деди жактоочу.
Укук коргоочу Азиза Абдрасулова ал айымдын иши боюнча бир топ мыйзам бузуулар орун алганын айтты. "Биринчиден, А.Өмүралиева тергөөнүн жана соттук процесстин жүрүшүндө адвокаттын коргоосу менен камсыздалган эмес. Экинчиден, кылмыш ишинде ар кандай даталар менен эки өкүм турат: 2006-жылдын 14-июлу жана 2014-жылдын 26-сентябры. Эки өкүмдү тең судья Т.Бекешов караган. Мындан тышкары тергөөнүн жүрүшүндө жана соттук кароодо Өмүралиеванын бойго жете элек балдары бар экени эске алынган эмес",- деп түшүндүрдү укук коргоочу.
Эскерте кетсек, кечээ, 13-январда Бишкектеги №1-СИЗОго 2014-жылдын 11-августунда камакка алынган Айжан Өмүралиева декабрь айында төрөгөндүгү тууралуу маалымат чыккан. Анын бойго жете элек дагы 2 баласы бар экени да маалым болгон.