Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева бүгүн, 15-январда Ош шаарында иш сапары менен жүрөт. Өкмөт мүчөсү шаардагы бир катар маданий, билим берүү жана медициналык мекемелерди кыдырып чыгарын өкмөттөн билдиришти. Атап айтканда, Ниязалиева Ош облустар аралык кургак учукка каршы күрөшүү балдар ооруканасын, Р.Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясын жана бир катар мектеп, бала бакчаларды көрүп, жамааттар менен пикир алышмакчы.