Индира Жолдубаева Нариман Түлеев боюнча пикир айтуудан баш тартты

Башкы прокурорлукка талапкер Индира Жолдубаева мурунку депутат Нариман Түлеевге козголгон кылмыш иши боюнча пикир айтуудан баш тартты. Парламенттин 28-январдагы жыйынында депутаттар Түлеевдин ишин кайрадан карап чыгууга мүмкүндүгүн же мүмкүн эместигин сурашты. Жолдубаева буларды айтты:
"Түлеев боюнча сот чечими чыгып, күчүнө кирген. Буга комментарий берүүгө укугум жок деп эсептейм, сот гана чечет. Эгер чечим туура эмес чыкты дешсе, кийинки инстанцияга арызданышса болот. Алдыда дагы бир инстанция бар".  
Талапкерди депутаттардын көбү колдоого алышууда. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан