Кыргыз делегациясы Түштүк Кореянын коррупцияга каршы күрөшүү тажрыйбасы менен таанышып кайтты

2015-жылдын 19-24-январь күндөрү вице-спикер Чолпон Султанбекова башында турган кыргыз делегациясы иш сапары менен Түштүк Кореяга барды. Бул тууралуу 27-январда Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Делегация программалык бюджеттөөнү киргизүү, бюджеттик ачык-айкындыкты камсыздоо, мамлекеттик чыгымдардын майнаптуулугун жогорулатуу, бюджеттик процессти өркүндөтүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү жаатында Түштүк Кореянын тажрыйбасы менен таанышты.

Визиттин алкагында Корея Республикасынын Коррупцияга каршы чаралар жана адам укуктары боюнча комиссиясынын, Стратегия жана финансы министрлигинин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Корея өнүктүрүү институтунун жана Эл аралык кызматташуу боюнча кореялык агенттиктин жетекчилик курамынын жана ортоңку звеносунун өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлдү.   

Жолугушуулардын жүрүшүндө мамлекеттик финансыларды башкаруу системин, бюджеттин ачык-айкындыгынын жана коррупция менен күрөшүүнүн механизмдерин өркүндөтүү маселелери талкууланды.

Корея Республикасынын коррупцияга каршы программасынын эффективдүүлүгүн жана натыйжалуулугун белгилей кетүү зарыл. 1999-жылы ишке киргизилген жана жарандарга өздөрүнүн мамлекеттик аткаминерлерге кайрылууларын интернет аркылуу көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берген «OPEN» программасы реалдуу иштеп жаткан жана жыйынтык көрсөткөн коррупция менен күрөшүүнүн эффективдүү механизми болуп саналат. Ушундай жарандардын кайрылууларын онлайн түрүндө көзөмөлдөө системинин негизги милдети:

- жарандарга социалдык көзөмөлдү ишке ашырууга мүмкүндүк берген ушул чөйрөдөгү зарыл маалыматты жарандарга берүү;

- ачык-айкындыкты орнотуу;

- коррупциянын болушунун зарыл шарты катары аткаминерлер менен жарандардын жекече баарлашуусун жок кылуу жолу менен коррупциялык жосундардын алдын алуу болуп саналат.    

Бул визит Көп тараптуу донордук трасттык фонддун «Мамлекеттик финансыларды башкарууда потенциалды өнүктүрүү» техникалык жардам долбоорунун алкагында уюштурулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан