Жогорку Кеңеш бүгүн, 28-январда Кыргызстанга оң рулдуу унааларды алып кирүүгө тыюу салчу мыйзам кабыл алды. Документ 3-окууда кабыл алынып, ага 88 депутат "макул", 1 депутат "каршы" деп добуш берди.
Маалыматка таянсак, учурда Кыргызстанда 1 миллион 73 миңден ашык автоунаа болсо, анын 13 пайызын оң рулдуулар түзөт. Мыйзамдын өлкөгө буга чейин кирип калган оң рулдуу унааларга тиешеси жок. Башкача айтканда, мыйзам күчүнө киргенге чейин өлкөгө киргизилген унааларды каттоого алууга, алардын өлкө ичинде жүрүшүнө уруксат берилет.