Жоомарт Оторбаев: "Энергетикалык кырдаал турукташты"

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 28-январда кышкы жылытуу сезонунун өтүп жатышы боюнча жыйын өткөрдү. Жыйындын башында премьер акыркы учурда энергетикалык кырдаал турукташканын, өлкөнүн түштүк аймагына декабрь айынын аягынан тарта газ берилип баштаганын белгиледи. Кыргызстан тарыхта биринчи жолу 2014-жылы Токтогул суу сактагычындагы сууну үнөмдөө үчүн Казакстан менен Тажикстандан электр энергиясын импорттоп баштаганын кошумчалады.  

"Кыргызстанда декабрь-январь айларында электр энергиясын колдонуунун суткалык көрсөткүчү 52-54 миллион киловатт-саатты түздү. Айрымдар кыш жылуу болуп жатканын айтышууда. Эки жыл мурун аба ырайы быйылкыдай болгон, бирок электр энергиясын пайдалануу мындан көп болгон. Адистер калктын жана бюджеттик уюмдардын электр энергиясын үнөмдөөгө өткөнүн, жылытуунун башка түрүнө ыкташканын айтышууда. Быйылкы сезондо эл көмүрдү эки эсе көп сатып алды",- деди Оторбаев.

Өкмөт башчы энергетиканы өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу керектигин белгилеп, Каржы министрлигине бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына кечиктирилип, берилбей жаткан компенсацияларды берүү маселесин кароо милдетин жүктөдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан