Кыргызстанда абоненттердин 72 пайызы электр энергиясын 700 киловаттка чейин пайдаланууда

Кыргызстанда абоненттердин 72 пайызы электр энергиясын 700 киловаттка чейин пайдаланууда. Муну энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаевге шилтеме берүү менен өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. "Декабрь айынын жыйынтыгында калктын 28 пайызы 700 киловатт-сааттан ашык пайдаланганы белгилүү болду. Учурда күнүнө 6,4 миллион киловатт-саат электр кубаты импорттолууда",- деди министр.

Турдубаевдин билдиришинче, аймактарды көмүр менен камсыздоо планга ылайык жүрүүдө.

Маалыматка таянсак, 2014-жылдын апрель-декабрь айларында Бишкек шаары электр энергиясын 46,9 миллион киловаттка, Чүй облусу 29,2 миллион киловаттка, Ош шаары 20,1 миллион киловаттка, Ысык-Көл облусу 10,8 миллион киловаттка, Жалал-Абад облусу 35,3 миллион киловаттка нормадан ашыкча пайдаланган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан