Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзам долбоорун Тайырбек Сарпашев артка чакыртып алды

Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзам долбоору биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев тарабынан расмий түрдө артка чакыртылып алынды. Муну парламенттин маалымат кызматы 29-январда билдирди. 27-январда өкмөттүк аппараттын башчысынын орун басары Ж.Исакулов аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште кармалып жатканын билдирген. Бул боюнча парламент төмөнкүдөй тактоо киргизет:

"Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин бөлүмү билдиргендей, мыйзам долбоору парламентке 2014-жылдын 4-июнунда киргизилген. 19-июнда Жогорку Кеңеш тарабынан каралып, биринчи окууда кабыл алынган. Мыйзам долбоору боюнча 24-октябрда парламенттик угуу өткөн. Мыйзам долбоору экинчи окууда кароо үчүн парламенттин 24-декабрдагы күн тартибине киргизилген. Бирок 24-декабрда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин өтүнүчү менен парламент жыйынынын күн тартибинен алынган. Муну Сарпашев "тактоону талап кылган маселелер жаралып калды" деп түшүндүргөн. Ошондон бери документ өкмөттүн кароосунда, парламентке кайрадан киргизиле элек".  

"Өкмөттүк аппараттын башчысынын орун басарынын "мыйзам долбоорун кабыл алууну парламент кечиктирип жатат" деген сөзү негизсиз",- деп билдирет Жогорку Кеңештин маалымат кызматы. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан