Арстанбап унаа жолу оңдоого муктаж экенин депутат Сайдулла Нышанов бүгүн, 29-январда парламентте көтөрүп чыкты.
Депутат аталган жолго асфальт төшөөгө 1 миллион сомдон ашык каражат керектелерин айтып, өкмөт өкүлүнө кайрылды. "Арстанбап" эс алуу жайына барчу унаа жолунун абалы өтө начар. Ал жерге эс алуу үчүн көптөгөн чет элдик туристтер келишет. Жолду оңдоп койсок, айыл элине да, туристтерге да дурус болот эле. Бул жол Арстанбап айыл аймагынын карамагына кирбегендиктен, жолду курууну өкмөттөн суранат элем, 2015-жылдын планына киргизип койсоңуздар",- деди Нышанов.