Депутат Уланбек Нуркулов 29-январда Жогорку Кеңештин жыйынында телеканалдарды санариптик берүүгө өткөрүү иши өтө жай жүрүп жатканын айтып чыкты.
Ал телеканалдарды санариптик берүүгө өткөрүү мөөнөтү аяктап баратканына токтолду. "2015-жылы аймактык телеканалдарга 10 миллион сомдон бөлүү боюнча чечим бар. Бирок аларга 1,5 миллион сомдон гана бөлүндү. Тездетиш керек. Ал эми жергиликтүү телеканалдарга каражат жетпей жатса, Кыргызстанга түз тиешеси жок телеканалдардын бирине 10 миллион сом каражат бөлүү боюнча чечим бар. Муну кандай түшүнсө болот? Муну өкмөт көзөмөлгө алышы керек",- дейт Нуркулов.