Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында добуш берүү укугунан ажыратылды

Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында добуш берүү укугунан убактылуу ажыратылды. Муну депутат Кантемир Мурзабеков 29-январда Жогорку Кеңеште айтып чыкты. Депутат спикер Асылбек Жээнбековго кайрылып, бул маселени өз көзөмөлүнө алууну өтүндү. “Добуш берүү укугун калыбына келтирүү үчүн Кыргызстан 6731 доллар төлөшү керек. Бул эми болбогон эле карыз. Ушул маселени көзөмөлүңүзгө алууңузду суранам. Бизден башка дагы мамлекеттер тизмеден чыгарылыптыр. Бирок ушул жылдын сентябрь айына чейин төлөп, кайра катарга кирсе болот”,- деди Мурзабеков.

Башка депутаттар да бул маселеге кайрылып, өкмөттөн бул каражатты төлөөнү тездетүүнү талап кылышты. Кыргызстандан башка дагы төмөнкү мамлекеттер тизмеден чийилиптир: Гренада, Маршалловдор аралдары, Македония, Тонга, Вануату жана Йемен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан