Ички иштер министрлиги 2014-жылдагы аткарылган иштер боюнча маалымат берүүдө
Бүгүн, 29-январда Ички иштер министрлигинде коллегиялык жыйын өтүүдө. Ага вице-премьер-министр А.Маматалиев, ички иштер министри М.Турганбаев жана борбордук аппарат, облустук, райондук ички иштер башкармалыктарынын жетекчилери катышып жатат. Учурда ИИМдин Башкы штабынын жетекчиси Б.Абдыжалиев министрликте башталган реформалар боюнча иштердин жүрүшү тууралуу маалымат берүүдө. Айта кетсек, бүгүнкү коллегияда 2014-жылдагы аткарылган иштер, 2015-жылга коюлган пландар жана ар түрдүү маселелер каралат.