Кыргызстандагы эпизоотикалык абалга жакшы көңүл бурулбай жатат. Мындай пикирди депутат Абдыжапар Бекматов Жогорку Кеңештин 29-январдагы жыйынында билдирди. Депутат малды идентификациялоого азыркыга чейин тендер өткөрүлө электигине жана жоопкерчиликти ала турган турган мамлекеттик орган да аныкталбай жатканына токтолду.
"Айыл чарба жана мелиорация министрлиги бардык иштен баш тартып, баш ооруткусу келбейт. Менимче, өкмөт малды идентификациялоо милдетин Фитосанитардык жана ветеринардык коопсуздукту сактоо инспекциясына тапшыруусу керек. Антпесек эртеӊ кеч болуп калат",- дейт Бекматов.