Түркия жыл сайын оор дартка чалдыккан 100 кыргыз жаранына акысыз операция жасоого макулдук берди. Бирок Саламаттыкты сактоо министрлигинин мурдагы жетекчилеринин кош көӊүл мамилесинен улам ушул кезге чейин эки тараптуу келишим түзүлгөн эмес.
Бул тууралуу депутат Эркингүл Иманкожоева Жогорку Кеӊештин 29-январдагы жыйынында билдирди.
"Кыргызстандын Түркиядагы элчилигине рахмат, жакында эле жаңы жетекчилик менен бирге ал маселе бир жаӊсыл болуптур. Бул тууралуу элчи Ибрагим Жунусов кабарлады. Буюрса, эми оор дартка чалдыккан жарандарыбыздын абалы кыйла жеӊилдей баштайт. Жакшыны жакшы деш керек, бардык жетекчилер менен элчилер ушундай иш алып барууга тийиш",- дейт Иманкожоева.