2014-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик (тышкы+ички) карызын тейлөөгө республикалык бюджеттен 13 миллиард 713 миллион 456 миң сом жумшалган. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда КРнын Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган көлөмдүн ичинен мамлекеттик тышкы карыз боюнча 5 миллиард 149,7 миллион сом жумшалган. Ал эми мамлекеттик ички карыз боюнча көрсөткүч 8 миллиард 563,6 миллион сомго барабар.
Эскерте кетсек, буга чейин өткөн жылдын соңунда Кыргызстандын мамлекеттик карызы 3 миллиард 637 миллион долларга (болжол менен 214 миллиард 583 миллион сом) барабар экени айтылган.