Ысык-Көл облусунда 2014-жылдын жыйынтыгын чыгарган облустук коллегия өтүүдө. Ага КРнын Вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева, ыйгарым укуктуу өкүл Эмилбек Каптагаев, аким, мэрлер, облустук, район, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл аймак башчылары катышууда. Бул тууралуу 29-январда облустагы өкмөттүн атайын жана ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Облустук коллегияда негизги бир маселе каралып жатат. Ал: Ысык-Көл облусунун 2014-жылдагы социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсү жана 2015-жылга карата коюлган милдеттер.
Коллегияда облустагы социалдык-экономикалык тармактардагы жыл ичинде аткарылган иштер, жетишкендиктер жана кетирилген кемчиликтер тууралуу кенен сөз болууда. Облус боюнча айыл чарба дүң продукциясы 2014-жылдын жыйынтыгы менен 24,5 миллиард сомду түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу өсүү темпи 100 пайызды түздү.
Облустун аймагында айыл чарба өсүмдүктөрүн себүүдө жалпы айдоо аянты 176 973 гектарды түзүп, 2013-жылга караганда 720 гектарга көп болгон. Пайдаланылбай калган жердин аянты былтыр 14 479 гектар болсо, быйыл 14 311 гектарды түзүп, 168 гектарга азайган.