Кыргызстанда айдоо аянттары кыскарып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда Жерге жайгаштыруу борборунун директору
Ажыбек Касымалиевге шилтеме берүү менен Айыл чарба жана мелиорация министрлиги билдирди. Касымалиевдин билдиришинче, учурда республикадагы жердин бардык категориясын аныктоо иши жүрүүдө. 3 райондогу айыл өкмөттөрдүн чек аралары такталып, башка аймактарда аныктоо иши жүрүп жатканы, 2017-жылга чейин Жерге жайгаштыруу борборуна 19 миллион гектар айыл чарба жерин тактоо милдети жүктөлгөнү айтылды.
"Институттун жамааты чарбалык келишим менен Камбар-Ата 1 ГЭСинин жерин, Нарын каскадынын, Датка-Кемин жогорку чыңалуудагы линиясынын жерин аныктап берди. Мындан тышкары Кыргызстан-Кытай газ түтүктөрү өтчү жерди тактоого 30 миллион сом коротулат",- деди Касымалиев.