“Баатыр эне” наамын алууга керектүү документтердин санын кыскартуу сунушталды

Кыргызстанда “Баатыр эне” наамын алууга керектүү документтердин санын кыскартуу сунушталды. Мындай маселени бүгүн, 29-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айнуру Алтыбаева көтөрүп чыкты.

Депутат 8 балалуу Жамиля Мамаюсупова аттуу жарандын өткөн жылдын сентябрь айында эле “Баатыр эне” наамын алууга документ топтоп, тапшырып, бирок маселеси чечилбей жатканын айтты.

“Мындай жагдайлардын механизмдерин жөнөкөйлөтүү зарыл”,- деп билдирди депутат. 

Айта кетсек, аталган наам 7 бала төрөп өстүргөн энелерге берилет. Мыйзамга ылайык, балдарынын бири каза болуп калган энелер ала алышпайт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан