Билим берүү тармагында былтыр коррупцияга каршы күрөшүү иштеринин жарымы да аткарылган эмес

Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү тармагындагы системдүү коррупцияга каршы күрөшүү планынын алкагындагы иштердин 43 пайызын гана аткарды. Маалымат бүгүн, 29-январда пландуу иштердин аткарылышына мониторинг жүргүзүү боюнча Коргоо кеңешинин жумушчу тобунун жыйынында айтылды. Комиссия өкүлдөрү билим берүү тармагында коррупциялык көрүнүштөр жогору экенин белгилешти. Жыйынга катышкан билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева комиссиянын корутундусун колдой турганын айтып, коррупция менен күрөшүүнү күчөтүү зарылдыгын билдирди. 
Бул боюнча билим берүү тармагындагы жооптуу жетекчилер ойдогудай иштебесе, аларды кызматтарынан бошотуу жагы караларын кошумчалады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан