Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин катына ылайык, быйылкы жылга БУУнун ыктыярдуу бюджетине Кыргызстандын үлүштүк төгүмү 54 271 долларды түзөт. Муну бүгүн, 29-январда Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"Каржы министрлигинин 2015-жылдын январь айына каржылык планында “эл аралык уюмдарга учурдагы гранттар” беренеси боюнча Кыргызстандын Каржы министрлиги тарабынан ушул айдын соңуна чейин БУУнун ыктыярдуу бюджетине которулуучу 3 миллион 250 832 сом (азыркы учурдагы доллардын курсу боюнча) суммасындагы каражат каралган",- деп айтылат маалыматта.