Жогорку Кеңеш жеке банктарга салыктык жеңилдик берүүчү мыйзам кабыл алды

Кыргызстандагы жеке банктарга салыктык жеңилдик берилүүдө. Тийиштүү мыйзам долбоорун парламент 29-январда 3-окууда кабыл алды. Улуттук банктын берген маалыматына караганда, өлкө аймагында иштеген банктардагы сырттан ташылып келинген банкомат, терминал сыяктуу жабдууларга атайын алымдар менен жыйымдар алынып, салыктар төлөнүүгө тийиш. Ошондуктан аталган мыйзам аркылуу банктар эки жылдык мөөнөткө кошумча нарк салыгынан бошотулмакчы. Ал эми 2 жылда бюджетке 70 миллион сомго жакын каражат түшпөй калат. Эгерде мыйзам ишке ашса, жеке банктар аймактарга банктык жабдууларын орнотууну күчөтмөкчү.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан