Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду: "Аксынын Кызыл-Жар айылына "Тез жардам" унаасын бөлүп берүү сунушу эсте"

Жогорку Кеңештин 22-январдагы жыйынында депутат Кантемир Мурзабеков Аксы районунун Кызыл-Жар айылына "Тез жардам" унаасын бөлүп берүү зарылдыгын айтып, өкмөттүн парламенттеги өкүлүнө кайрылган эле. Депутаттын кайрылуусуна өкмөткө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жооп кайтарды. Мекеменин 29-январдагы билдирүүсүндө булар айтылат:
"Азыркы учурда сатып алынган бардык автоунаалар республиканын аймактары боюнча бөлүштүрүлүп берилген. Кийинки жолу "Тез жардам" автоунааларын сатып алууда Жогорку Кеңештин депутаты Кантемир Мырзабековдун кайрылуусу эске алынат".
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан