“КРнын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун парламент 29-январда үчүнчү окууда кабыл алды. Мыйзам долбооруна ылайык, иштер жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн накталай жана накталай эмес эсептешүүлөрдүн ыкмаларын караштыруучу 4-беренеге толуктоо киргизилүүдө. Ошондой эле интернет аркылуу соода жүргүзүүнүн өнүгүүсүнө байланыштуу тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү менен товарларды аралыктан сатууда керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча ченемдер каралган.
“Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамдын 17-беренесинде товардын кемчиликтеринин пайда болуу себептери жөнүндө талаш чыккан учурда сатуучу (даярдоочу) же аны менен келишимдин негизинде сатуучунун (даярдоочунун) милдетин аткаруучу тарабынан экспертиза жүргүзүүгө акы төлөө каралган.