Айнуру Алтыбаева: "Жергиликтүү кеңештин депутаттары кылмышкерлерге өлүм жазасын киргизүүнү суранышууда"

Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева Ош шаарынын, Кара-Кулжа, Ноокат жана Өзгөн райондорунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттары менен жолугушту. Жолугушууда депутаттар экология, калкты таза суу менен камсыздоо, бала бакчаларды куруу жана жаштарга туура диний тарбия берүү маселелерин талкуулашты. Жергиликтүү деутаттар радикалдык-экстремисттик ислам идеяларынын колдоо табуусу жана кеңири жыйылып баратканы тынчсыздандырып жатканын айтышты. Мисалы, акыркы мезгилде энелер жашы жете элек кыздарын алып Сирияга кетип жаткан учурлар көбөйгөнүн белгилешти.

Жергиликтүү кеңештердин депутат айымдары парламенттен экологияны коргоого багытталган мыйзам долбоорлорун кабыл алуу, мыкаачылык менен киши өлтүрүү жана зордук-зомбулук көрсөтүү менен оор кылмыш жасагандыгы үчүн кайрадан өлүм жазасын киргизүү өтүнүчтөрүн билдиришкенин 29-январда ЖКнын басма сөз кызматы маалымдады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан