Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 29-январда Эл аралык валюта фондунун миссия башчысы Эдвард Гемайел менен жолугушуп, фонд менен кызматташуунун жаңы үч жылдык программасын талкуулады. Өкмөт башчы аталган фонддун ишин Кыргызстан жогору баалай турганын айтты. "Экономика жана каржыны башкаруу жаатында Эл аралык валюта фондунан көп нерсени үйрөндүк. Азыркыга чейин карманган багытыбыз тууралуу сиздерден олуттуу маалыматтарды алып келебиз. Керектүү учурда сиздерден сунуш жана кеңештерди алуудабыз",- деди Оторбаев.
Тараптар бюджеттик консолидация, карызды туруктуу деңгээлде кармоо, акча-кредиттик саясат, мамлекеттик башкарууну реформалоо, коррупцияга каршы күрөшүү, каржылык рынокту өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. "Эл аралык валюта фонду менен кызматташууга кызыкдарбыз, бирок өзүбүздүн кызыкчылыктарды эске алуу менен гана",- деди премьер.