Абдырахман Маматалиев "мыйзамдарды адам укугу жаатындагы эл аралык милдеттенмелерге ылайык келтирүү иштери жүрүүдө" деди

Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев 29-январда "Хьюман Райтс Вотч" уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча бөлүмүнүн аткаруучу директору Хью Уильямсонду кабыл алды. Вице-премьер-министр "Хьюман Райтс Вотч" дүйнөдөгү, анын ичинде Кыргызстанда да адам укугун коргоо маселеси менен алектенген алдынкы укук коргоочу уюм экенин белгиледи.

“Өлкөнүн өкмөтү тарабынан мыйзамды жаңы Конституцияга жана адам укугу жаатындагы эл аралык милдеттенмелерге ылайык келтирүү боюнча чоң иштер аткарылууда",- деп белгиледи Маматалиев.

Вице-премьер: "БУУнун Адам укугу боюнча кеңешинин иштиктүү тобунун 21-сессиясына катышкан 74 мамлекеттин делегацияларынын өкүлдөрү Кыргызстандын мыйзамдык, соттук, административдик жана адам укугун коргоо боюнча ишмердүүлүккө жетекчилик принциптерин киргизүүнүн башка чараларын өнүктүрүүдөгү алга умтулуусуна оң баа берген",- деп кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан