Асия Сасыкбаева баштаган делегация Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын сессиясына катышууда

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева баштаган Кыргызстандын делегациясы Франциянын Страсбург шаарындагы Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын кышкы пленардык сессиясынын ишине катышууда.

Делегация Азербайжан, Түркия, Орусиянын парламенттик делегация өкүлдөрү менен жолугушуп, ЕКПАнын алкагында эки тараптуу кызматташтык маселелери талкууланды. ЕКПАнын Миграция, качкындар жана көчкүндөр маселелери боюнча комитетинин төрагасы Т.Мариянни менен консультация жүргүзүлдү. Баарлашууда Сасыкбаева мигранттардын укуктарын камсыз кылуу өтө олуттуу маселелерден экенин, кыргыз тарап Казакстан менен Орусия өкүлдөрүнүн катышуусунда Борбордук Азия өлкөлөрүнүн кызыкчылыгын көздөгөн конференция өткөрүүгө ниеттенип жатканын билдирди. 

Парламентчилер башкаларга чыдамсыздык менен басмырлоо көрүнүштөрүнүн өсүп бара жатканы, теңчилик каатчылыгынын шартында жамааттык келишимдерди түзүү укуктарын сыйлоо маселелерин талкуулашты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан