"Мамлекеттик салык кызматынын жоопкерчилиги жакында күчөйт" деди Сарпашев

Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулушу менен Мамлекеттик салык кызматынын жоопкерчилиги күчөйт. Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин билдиришинче, салык кызматына кошумча милдеттер жүктөлгөнү жатат. 
"Импорттолгон товарлардын салыктары боюнча Мамлекеттик бажы кызматынын айрым функциялары Салык кызматына өткөрүлгөнү жатат. Социалдык фонддун да айрым милдеттери өткөрүлөт. Азыр заманбап технологиялардын кылымы, Мамлекеттик салык кызматынын бардык органдары өзгөргөн шарттарда иштөөгө даяр болушу керек. Жаңы тобокелдиктер пайда болот, эгер салык кызматкерлери даяр болбосо, анда ири кыйынчылыктарга туш болушат",- деди Сарпашев. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан