ВИЧтен жабыркагандар былтыр Ысык-Көл, Жалал-Абад, Баткен жана Нарын облустарында көбөйдү

Кыргызстанда 2014-жылы инфекциялык оорулар менен жабыркаган адамдар боюнча 245 миң факт катталды. Бул көрсөткүч 2013-жылкыга салыштырмалуу сальмонеллёздук инфекция боюнча ооругандардын 2,2 эсеге, вирустук гепатит менен ооругандардын 1,8 эсеге, бруцеллёз менен ооругандардын 1,3 эсеге, гонорея менен ооругандардын 17,9 пайызга азайганын билдирет. Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. 
"Былтыр сасык тумоо менен ооругандардын саны 11,7 эсеге, бактериалдык менингит менен ооругандардын саны 2,9 эсеге көбөйгөн. Мындан тышкары кызамык менен ооругандардын саны өсүп, 265 факт катталды",- деп айтылат маалыматта. 
ВИЧ-инфекциясынан жабыркагандар былтыр Ысык-Көл, Жалал-Абад, Баткен жана Нарын облустарында көбөйгөн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан