"Торугарт" көзөмөлдөп-өткөрүү пунктунун күнү-түнү режиминде иштеши жүк алып өтүүнүн көбөйүшүн жана бюджетке кошумча каражаттын түшүшүн камсыздайт. Бул нерсе жалпы өлкө экономикасына оң таасирин тийгизет",- деп билдирди премьер-министр Жоомарт Оторбаев 31-январда аталган пункттун иши менен таанышууда. Өкмөт башчы Мамлекеттик бажы кызматына пункттун ишин Евразиялык экономикалык биримдиктин талаптарына ылайык келтирүү, пунктту күнү-түнү иштөөгө өткөрүү тапшырмасын берди.
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адамкул Жунусов айтылган тапшырманы ишке ашырууга 13 миллион 120 миң доллар жумшаларын билдирди.
Берилген тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлдөө КРнын Өкмөтүнүн аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу бөлүмүнө жүктөлгөнүн өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.