Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "Кыргызстандын жарандыгынан чыгуу жөнүндө" жана "Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө" буйруктарга кол койду. Биринчи буйрукка ылайык, Кыргызстандын жарандыгынан 167 жаран чыгарылды (133ү улуу кишилер, 34ү балдар). Кийинки буйрук менен Кыргызстандын жарандыгына 616 адам кабыл алынды (545и улуу кишилер, 71и балдар). Кыргызстандын жарандыгын алгандардын көпчүлүгү Тажикстан, Өзбекстандан кайтып келген этникалык кыргыздар экенин президенттик администрациядан 1-февралда маалымдашты.