Кыргызстанда учурда салыктык карыздын суммасы 1,3 миллиард сом

Кыргызстанда 2015-жылдын башына карата салыктык карыздын суммасы 1,3 миллиард сомду түздү. Мамлекеттик салык кызматынын билдиришинче, былтыр салыктык карыздын суммасы 173 миллион сомго же 11,6 пайызга кыскарган. "Салыктык карыздарды мажбурлап өндүрүүнүн натыйжасында бюджетке 1 миллиард 264 миллион сом түшкөн, бул 2013-жылкыга салыштырмалуу 585 миллион сомго көп. Соттук кароого 660 миллион сомду өндүрүү боюнча 1086 материал жиберилип, 552 иш (304 миллион сом) бюджеттин пайдасына чечилди",- деп билдирди мекеме. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан