Социалдык өнүгүү министрлиги үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыкты

Аялдарга болгон зомбулуктун бардык түрүн жоюу жөнүндө конвенциянын нормаларын аткаруу боюнча Бишкекте улуттук консультациялар өттү. Бул тууралуу 2-февралда Социалдык өнүгүү министрлиги билдирди. Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев Кыргызстанда гендердик саясат тармагында активдүү иштер жүрүп жатканын белгилейт. 
"Быйыл айылдык аялдар боюнча үчүнчү республикалык конференцияны өткөрүүнү пландап жатабыз. Министрлик тарабынан үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча жаңы мыйзам долбоору иштелип чыкты. Оор кырдаалга туш болгон айымдардын да, эркектердин да жарандык укуктарын бирдей камсыздоо алкагында өткөн жылы мырзалар үчүн биринчи кризистик борбор ачканбыз",- деди министр.  
Аялдарга болгон зомбулуктун бардык түрүн жоюу жөнүндө конвенцияны ишке ашыруу боюнча министрликтин отчёту угулду. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан