Бүгүн Ноокат районундагы Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өтөт
Бүгүн, 2-февралда Ош облусунун Ноокат районундагы Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган айылдын тургуну Узакбай Кааров билдирди. Анын айтымында, айылдык кеңештин 21 депутаты айыл өкмөт башчылыгына ат салышкан эки талапкердин бирин тандайт. Талапкерлер: Батыр Кааров жана Жаңылбек Пратов, экөө тең КСДПнын өкүлдөрү. Шайлоо процесси башталуу алдында турганы маалымдалды.