Кыргызстандын каржы рыногун көзөмөлдөө кызматынын 2015-жылдагы планы талкууланды

Кыргыз Республикасынын каржы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы 2-февралда 2014-жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2015-жылга коюлган маселелер жана перспективаларды кеңейтилген коллегиялык жыйында талкууга алды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Жыйынга Экономика министрлигинин статс-катчысы А.Курманова, КРнын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары М.Халитов, КРнын Президентинин аппаратынын каржы жана насыя саясаты бөлүмүнүн эксперти Б.Кутманов, президенттик аппараттын экономикалык анализ жана өнүгүү мониторинги бөлүмүнүн эксперти К.Куленбеков, Кыргыз Республикасынын Каржы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы Санжар Муканбетов катышты. Коллегиялык жыйында мекеменин 2014-жылдагы ишмердүүлүгү жактырылып, 2015-жылдагы планын бекитүү чечими кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан