Тайванда 58 жүргүнчүсү менен бараткан учак дарыяга кулап түшүп, 19 адам каза болду

Тайванда "TransAsia" компаниясына таандык ATR 72-600 учагы 58 жүргүнчүсү менен баратып, бүгүн, 4-февралда өлкө борборунан алыс эмес жерге, дарыяга кулап түштү. Чет элдик маалымат каражаттары кырсыктан каза тапкандардын саны 19га жеткенин билдиришти. 

Ал эми жаракат алган 10го чукул адам куткарылып, ооруканага жиберилсе, калгандары суунун ичинен изделүүдө. Учактагы 58 адамдын 5и экипаж мүчөлөрү болгон. Учак өлкө борборундагы Суншань аэропортунан Цзиньмэнь аралыгын карай багыт алган. Учак абага көтөрүлгөндөн кийин бир канча мүнөттөн соң башкаруудан чыгып, ал ылдый карай жүрүп, көпүрөнү сүзүп, дарыяга кулап түшкөнү айтылды. Ошондой эле учак көпүрөдө жүрүп бараткан унааны сүзүп, натыйжада унаадагы бир жүргүнчү жаракат алган.  

Айта кетсек, 2014-жылдын 23-июлунда аталган компаниянын ATR-72 үлгүсүндөгү учагы 58 адамы менен кулап түшүп, 48 адам каза болгон.  

Тайванда 58 адамы менен бараткан учак кулап түштү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Rifle
2015-02-04 17:17:17
Автомашинанын ичиндеги адамга :" эмне болду сизге ?"- десе. Ал :" Самалет менен сузушуп кеттим "- дейби ?
+3
Rifle
2015-02-04 17:23:59
Россия 24 каналынан корсотуп жатат. 2014-жылдын 23-июлунда аталган компаниянын ATR-72 кулап тушкондо 47 адам олгон дейт.
0
nurbol4
2015-02-04 17:52:15
кудайым озу сактасын жакшы сууга тушуптур.жаткан жерлери жайлуу болсуп.
0
Aksy-13
2015-02-04 20:42:36
Кудай ай самалетто учуу деле коркунучтуу болуп калды акыркы кезде
+2
milan_92
2015-02-05 17:30:03
jatkan jerleri jailuu bolsun
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан