"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев партиянын 20 жылдык мааракесинде сөз сүйлөп жатып, мындан ары партиянын алдынкы мүчөлөрүнө "Ата Мекен" ордени ар жыл сайын тапшырылып турарын айтты. №1-орден партиянын мүчөлөрүнүн чечими менен Болот Шерге ыйгарылса, №2-орден партиянын Талас облусундагы ардактуу мүчөсү Койсун Курманалиевага тапшырылды.