Жогорку Кеңештин депутаттары балдарга болгон зомбулукту токтотуу үчүн мыйзамдарды өзгөртүүнү сунушташууда. Парламенттин 5-февралдагы жыйынында депутат
Каныбек Иманалиев бул маселеге Жогорку Кеңеш сөзсүз реакция жасашы керектигин айтты.
"Балдарга зордук-зомбулук акыркы мезгилде абдан көбөйдү. 2010-жылга салыштырмалуу өлкөдө балдардын кылмыштуулугу 2,5 эсеге өскөн. Буга унчукпай койгонубуз болбойт, март айында болчу өкмөттүк күндө ушул маселени талкуулайлы",- деди депутат.
Иманалиев балдардын кордукка кабылышы боюнча акыркы айлардагы 3 окуяны мисал келтирди.