Жогорку Кеңештин 5-февралдагы жыйынында депутат Сайдулла Нышанов Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциясы курган сапатсыз үйлөр боюнча тийиштүү чечимдерди кабыл алуу зарылдыгын билдирди. Депутат Ош окуясынын жабырлануучуларына курулган үйлөр боюнча даттануулар көп экенин айтты.
"Телеканалдардан көрсөтүүдө, бул үйлөрдүн дубалынан жаракалар кеткени айтылууда. Мындай окуяларга көз жумуп койбошубуз керек. Өзүбүз баа берели же дагы бир жолу текшерүү жүргүзүү боюнча укук коргоо органдарына тапшырма берели. 15 миң сом үчүн депутаттарга кылмыш ишин козгогусу келишет, сапатсыз курулган үйлөргө кол куушуруп отурушат. Бул үйлөрдүн курулушуна миллиарддаган сомдор жумшалган",- деди Нышанов.