Электр энергиясын 700 киловаттка чейин пайдалангандарга деле 2 сом 5 тыйындан төлөө боюнча квитанциялар келип жатат. Маалыматты парламенттин 5-февралдагы жыйынында депутат Асия Сасыкбаева билдирди. Депутат мындай көрүнүш Бишкек шаарынын тегерегиндеги жаңы конуштарда болуп жатканын айтып: "700 киловаттка чейин пайдалангандарга деле 2 сом 5 тыйындык тариф менен төлөтүүгө аракеттер болуп жатканы айтылууда. Эмнеге экенин сурашса, "күнүмдүк лимитти ашырып жиберипсиңер" деп жатышыптыр. Күнүмдүк лимит деген эмнеси? Бул тууралуу элде таптакыр маалымат жок, өкмөт бул маселени иликтеп чыгышы керек",- деп билдирди.
Эскерте кетсек, жаңы тарифтер боюнча электр энергиясын 700 киловаттка чейин пайдалангандар 70 тыйындан, андан ашкан электр энергиясы үчүн 2 сом 5 тыйындан төлөшү керек.