Гүлжигит Сатыбеков Санат ыры
00:04:32
Жүктөлгөн: 27-01-2014
04:32
8.31 Мб
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (81)
Samandar
2014-05-26 15:10:53
Гулжигит жакшы ырдагансын, бирок бош ырдап койгонсун,концерт тегидей жонокой ырдасан болмок,мейли баары жакшы
0
Bekzhan2012
2014-05-26 18:01:44
Гулжигит байке, ырынды Американецтер менен Орустар угуп отурушат. Котормочуларга улам котортуп коюп. Ырындын мааниси не только Кыргызтарга жагыптыр. Ишинизге ийгилик, жана ырынызга жалпы куйормандарыныздан терен таазим!!!
0
maksat_iz_toktogula
2014-06-02 09:26:52
ийгилик сизге Гулжигит байке сизге кааларым узун омур чын ден-соолук ар дайым бар болунуз жалпы кыргыз элине ушундай чыгармаларды чыгарып элдин керегине жарап журобериниз
0
azamat4ik
2014-07-01 01:49:38
жакшы ыр экен тарбиялык мааниси бар экен
0
Ulashkin1717
2014-08-19 23:34:35
акыретте жанында ыйманын болот турбайбы десе сооонун болмок. кайдагы дос акыретте
-1
osusapar
2014-08-23 16:13:29
Сүйдүм гүйдүм өлдүм деген ырлардан көрө миң эсе уккулуктуу жана түшүнүктүү ыр экен. Азаматсың!++5
+1
zina_NUR25
2014-08-24 19:02:02
Алла ыразы болсун соонун ыр болуптур
0
Eseke2013
2014-08-27 01:08:55
Аябай жакшы чыгарма экен ырларыныздын баары жагат
0
kgbekish
2014-09-15 16:46:55
Arabia robin yr Allan ready bolsun
0
rustam1993
2014-10-24 12:13:27
ен сонун
ыр
0
Mavlyan1984
2014-10-31 19:20:28
Эмнеге жуктолбой жатат. админ карап койгула.
0
Muradil015
2015-05-16 13:02:02
ушунчада соонун ырларды чыгараспы тажабай угамго
0
Kunbeken
2015-07-11 13:07:34
Тарбиялык мааниси ото чон чыгарма экен .
0
asman89
2015-09-21 11:26:23
Гулжигит байке азаматсын жакшы жакшы
0
turist_po_jizni
2015-10-16 01:45:33
мындай кучтуу маанилуу ыр ото аз уккам, азаматсын Гулжигит,
0
Гүлжигит Сатыбеков "Санат ыры"
Тумчугамын, түбү жок санааларга батамын,
Бийиктерге жетелейт ак батасы атамдын,
Издеп жүргөн бейишим таманында апанын.
Азаматты эр кылган бата болот турбайбы,
Жашоодогу дөөлөтүң ата болот турбайбы,
Жаман жүрсөң ичинен капа болот турбайбы.
Түгөнбөгөн берекең апа болот турбайбы,
Үйүңдөгү базарың бала болот турбайбы.

Көзүңдү ачып-жумганча кеч кирет да, таң атат,
Сыйлашалы кел, досум, өмүр өтүп баратат,
Тирүүлүктө адамдар бири-бирине аманат.
Бешик көркү бөлөнгөн бөбөк болот турбайбы,
Агасына иниси жөлөк болот турбайбы.
Бир туугандар бир үйдө өзөк болот турбайбы,
Бой жеткенде үй-жайың бөлөк болот турбайбы,
Карыганда неберең эрмек болот турбайбы.

Ташы менен урганды, ашың менен тосуп ал,
Турмуш деген татаал жол, жакшы чөйрө күтүп ал.
Түбөлүктүү жарыңды алып качпай, сүйүп ал.
Жалынсаң да токтобос өмүр болот турбайбы,
Назиктердин назиги көңүл болот турбайбы.
Тууганыңдан жакыны коңшу болот турбайбы,
Акыретте жаныңда досуң болот турбайбы.
Балалыгың жомоктой эсте калат турбайбы,
Өмүр өтсө бул денең жерде калат турбайбы.
Өмүр өтсө бул денең жерде калат турбайбы,
Бектер кетип, кайра эле элдер калат турбайбы.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан