Оштук кыздардын кумир да бул азыр :) Аксылыктарды бактылуу кылыпсыз да. Качан тойго чакырасыз эми. Лейлектик кыз деген клиптеги кызды алат деши эле, качан эми? Же кыз отказ бердиби??? Жооп кутом байкеееееееее
+1
belka-zaika
2014-08-18 14:24:46
''ээ каяктагыны айтпагылачы Оштук эмес эле Аксылык ырларын суйуп угам да бул ыры да каракаш деген ырыда сонун жаны чыккандарынан айттамда азаматсыз!!!!!!!!1
0
kyrgyz.93
2014-08-18 16:10:21
Аксылык деп талашып журо берчи эми сен, эми Мага дагы баары бир
0
jazka-jaz77
2014-08-20 02:04:12
Аябай жакшы ыр экен.Чыгармачылык ийгилик.
0
egiz-jigit
2014-08-21 20:58:20
Эн сонун 10+ ушундай ырларды кобурок чыгара бериниз жердеш
Сары-Челек көлдүн боюнда,
Сен экөөбүз түндүн коюнунда
Бирге отурсак арман жок эле.
Канат күүлөп калкып турам,
Чоң бакытка балкып турам,
Кээде түшүп сүйүү жалынга.
Жан дүйнөмө батпай келет,
Эмне дешти таппай келем
Бизди кошкон ушул тагдырга.
Тагдыр берген энчим менин,
Элжиретип эзбе мени,
Жаралдыңбы менин бактыма?
Токою бай, жер-жемиши,
Асыл жери, жер бейиши -
Жүрчү, жүрчү кеттик Аксыга.
Сары-Челек көлдүн боюнда,
Сен экөөбүз түндүн коюнунда
Таңды күтсөк арман жок эле.
Элинин да пейили сонун да,
Касиеттүү Аксы коюнунда
Өмүр сүрсөк арман жок эле.
Кашка-Суунун суусун кечип,
Бозбу-Атанын гүлүн терип,
Оюн салсак кечки адырда.
Жан кейиткен жамандардан,
Тажап бүттүм ушактардан,
Кетеличи жүрчү айылга.
Сары-Челек көлдүн боюнда,
Сен экөөбүз түндүн коюнунда
Таңды күтсөк арман жок эле.
Элинин да пейили сонун да,
Касиеттүү Аксы коюнунда
Өмүр сүрсөк арман жок эле,
Бир карысак арман жок эле.